Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: чобдор — сооттолуп, темир менен капталган бут кийим

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
"Чобдор" деген баатырлардын жоо кийимине кирген, кымбат баалуу бут кийимдин бир түрү. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Талантбеков: чобдор — сооттолуп, темир менен капталган бут кийим
Анын айтымында, эпосто башка элдин улуттук бут кийими катары айтылганы менен "чобдор өтүк" деп кыргыз жоокерлеринин аскердик бут кийими катары да берилген.
"Эпосто "чобдор өтүк такасыз, тонун кийген жакасыз" деген саптар бар. Бул саптарда кездешкен "чобдор" деген сөз өтүктүн бир түрүн түшүндүрөт. Аны баатырлар ок өтпөс кылып сооттоп, темир менен каптап кийген. Ошол эле учурда чобдор өтүк деп эпостогу кайсы бир элдин улуттук бут кийими катары дагы айтылган жерлер бар. Учурда бут кийимдин түрү көп, алардын айрымдарынын такасы жок. Ошолорду бут кийимдин чобдор түрү деп колдонууга болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал тилсиз улут жоголуу коркунучуна кептеле турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0