Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Астапаев: электр энергия өндүргөн сүзүп жүрүүчү станциялар курулат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев
Чакан ГЭС ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев чакан ГЭСтерди курууда инвесторлор жер бөлүп берүү жаатында айрым тоскоолдуктарга туш болуп келгенин белгиледи.
Электр энергиясын өндүрө турган суу үстүндө сүзүп жүргөн станцияларды куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Астапаев: электр энергия өндүргөн сүзүп жүрүүчү станциялар курулат
Анын айтымында, эгемендүүлүк алган жылдардан бери электр тармагындагы ишканалар чыгымга учуроодо.
"Электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу учур талабы. Анткени ГЭСтердин эскилиги жетип, бул тармак кризиске учуроо коркунучунда турат. Ал эми азыркы тарифтер менен реконструкция иштерин жүргүзүп, айрымдарын модернизациялоо мүмкүн эмес. Баанын арзандыгынан улам инвесторлорду дагы кызыктыруу татаал. Анткени сырткы жана ички инвесторлорго кандайдыр бир стимул болбосо, аларда кызыкчылык жаралбайт. Маселен, чакан ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 25 тыйынды түзөт. Биз бул баадан кыйла төмөн сатууга мажбурбуз. Келип чыккан чыгым 2 сом 20 тыйындан төлөгөн өндүрүштүк тариф аркылуу жабылууда. Чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиянын 90 пайызы "Түндүк электр" ишканасына, 10 пайызы өндүрүш тармагына сатылууда. Андан тышкары, өлкөдө шамалдан, Күндөн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Аны колдонуу үчүн ГЭС-5 көлүндө сүзүп жүрүүчү станция куруу боюнча сынамык долбоор башталат. Ал Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, 100 киловатт саат электр энергиясын өндүрө алары мерчемделүүдө. Жакшы натыйжа берсе, бул долбоорду Токтогул суу сактагычынын үстүнө дагы куруу пландалууда", — деди Астапаев.
Ошондой эле ал майнинг-фермаларды электр энергиясы менен камсыздоо дагы жакшы натыйжа бере турганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0