Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дүйшөнкулова: 170 грамм шорпо коллагендин күнүмдүк нормасын толтурат

© Sputnik / Асель СыдыковаВрач Республиканского центра здоровья и массовых коммуникаций Марина Дуйшенкулова
Врач Республиканского центра здоровья и массовых коммуникаций Марина Дуйшенкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрү боюнча коллаген организмге эч кандай терс таасирин тийгизбей турганы белгилүү болгонун айтты.
Коллаген деңиз азыктарында, андан кийин малдын этинде жана жер-жемиште көп болот. Уй же тооктун 170 грамм шорпосу коллагендин күнүмдүк нормасын толтурат. Бул тамак-аштын ичинен деңиз азыктары сиңимдүү келип, андан көбүрөөк коллаген ала алабыз. Бул тууралуу Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Дүйшөнкулова: 170 грамм шорпо коллагендин күнүмдүк нормасын толтурат
Анын айтымында, аллергиясы бар адамдар коллагендин кайсы азыктан жасалганын кылдат карап колдонушу керек.
"Коллаген — бул структуралык белок. Организмде эң маанилүү ролду ойнойт. Ал сөөк, тери, булчуң, тарамыштардагы ар бир клеткаларды бири-бирине бириктирип турган зат. Коллаген адамдын организминде 20 жашка чейин активдүү бөлүнүп чыгат. Бул учурда тери серпилгич, жылмакай болуп, адамдын жүзүнөн нур чачырап турат. Ал эми 25-30 жаштан ашканда организмде коллаген аз бөлүнүп баштагандыктан бетке кичинеден бырыш түшүп, теринин түсү өзгөрүп баштайт. Азыркы учурда коллагендин көлөмүн толтуруу үчүн териге крем, сыворотка сүйкөп, таблетка, порошок түрүндөгү белокту суу же ширеге кошуп ичип жана косметологияда инъекция аркылуу теринин кайсы бир бөлүгүнө куюп жатышат. Мунун зыяны жок. Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, коллаген организмге эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Коллагендин эффективдүүлүгүн билүү үчүн немец окумуштуулары 70тей аялды эки топко бөлүп, бирөөсүнө коллаген капсуласын, экинчисине бош капсула беришкен. Натыйжасында коллаген ичкен аялдар тобунун бети тартылып, жылмакай болуп калганы байкалган. Ал эми америкалык окумуштуулар 200дөй спортчунун арасында ушундай эле изилдөө жүргүзүшкөн. Анда бир топтогу спортчулар тамак-ашына кошумча коллаген да ичишкен. Жыйынтыгында коллаген ичкен адамдар көнүгүүлөрдү жасаганда сөөк, муундары ооруганы азайган. Аталган белокту профилактикалык түрдө беш граммдай, ал эми терапиялык процессте 8-12 грамм ичсе күнүмдүк норманы толтурган болот", — деди Дүйшөнкулова.
Ал капсула, порошок түрүндөгү коллагенди ар бир адам индивидуалдуу нормада кабыл алышы керектигин айтып, дарыгердин сунуштамасы менен ичүү оң экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0