Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карачалов: саатына эмгек акы төлөө жумуштун натыйжалуулугун арттырат

© Sputnik / Асель СыдыковаКуруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов
Куруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Куруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов фрилансер же жумушта кыска мөөнөткө иштегендер бир учурда бир нече жерде эмгектенип, жумуш ордун азайтарын айтты.
Кыргызстанда 2040-жылга чейин саатына акы төлөө режимине өтүү маселеси мамлекеттик стратегияга киргизилген. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Карачалов: саатына эмгек акы төлөө жумуштун натыйжалуулугун арттырат
Анын айтымында, саатына эмгек акы төлөө жумуштун натыйжалуулугун арттырат.
"Фрилансер — бул бир жумушта кыска мөөнөткө иштеген же эркин эмгектенген адам. Штаттан тышкаркы кызматкер болгондуктан бир эле учурда ар кандай жумуштарда иштеши мүмкүн. Кыргызстанда бул кызматкерлер жеке ишкер сыяктуу патент менен эмгектенет. Берилген жумушту күнү-түнү жасап бүтүрөбү же берилген убакыттын ичинде шашпай аткарабы, ал өзүнүн иши. Бардык жоопкерчилик өзүнүн мойнунда. Эгер ал өргүүгө чыкса акча төлөп бербейт жана ооруп же кырсыктап калса, ага жумуш берүүчү ар кандай төлөмдөрдү аткарууга милдеттүү эмес. Ал эми бир мекемеде туруктуу, бирок аралыктан иштеген кызматкерлер бар. Аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгек укуктары тууралуу кодекске киргизүүнү көздөп жатабыз. Андан тышкары, Кыргызстанда 2040-жылга чейин саатына акы төлөө режимине өтүү маселеси мамлекеттик стратегияга киргизилген. Европа мамлекеттеринде биздики сыяктуу эле айдын аягында маяна алышат. Болгону саатына баа коюлуп, айдын аягында ошого жараша каражат алат. Бул келишимдик акы төлөө ситемасына жакыныраак", — деди Карачалов.
Ал бир фрилансер бир топ жумушчунун ордун ээлеп, жумуш ордунун азайышына алып келерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0