Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карачалов: профсоюздар жумуш берүүчүлөр менен эсептеше албай жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовКуруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов. Архив
Куруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Куруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов Кыргызстанда эмгек укугу корголбой көп көйгөйлөр жаралып жаткандыгын айтты.
Профсоюздар эмгекти коргоо жаатында өкмөт, жумуш берүүчүлөрдүн уюму менен эсептеше албайт. Мындай маалыматты Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Карачалов: профсоюздар жумуш берүүчүлөр менен эсептеше албай жатат
Анын айтымында, иш берүүчүлөргө жана жумушчуларга жыл сайын профсоюздар уюму эмгек инспекторлору менен бирге эмгекти коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
"Бир топ мамлекеттерде профсоюздардын орду эмгекти коргоо багытында абдан чоң. Өнүккөн өлкөлөрдө өкмөт, жумуш берүүчүлөрдүн уюмдары профсоюздар менен эсептешет. Тилекке каршы, биздин деңгээлибиз анчалык таасирдүү эмес. Ал тургай биз ич ара бириге албай жатабыз. Эки жылдан бери чечилбеген мыйзам долбоору жана башка кысымдар абдан кыйнады. Ага карабастан алыбызга жараша иш-чараларды аткаруудабыз. Профсоюздар уюму эмгек инспекторлору менен бирге эмгекти коргоо боюнча жыл сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Жумушчулардын укуктары тууралуу айтып, маалымат таратууга аракет кылып жатабыз. Бирок эмгек укугу корголбой келет", — деди Карачалов.
Ошондой эле жетекчи Эмгек инспекциясынын статусу төмөндөп кеткендигине байланыштуу милдеттерин толук кандуу аткара албай жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0