Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумаканова: коронавирус сасык тумоону сүрүп чыкты деген божомол бар

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуСанитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова. Архив
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова коронавирус пайда болгондон бери сасык тумоо менен ооругандар азайганын айтты.
Вирусту антибиотик менен дарылаган болбойт. Ал, тескерисинче, иммунитетти түшүрүп, вируска жардам берет. Эгерде коронавирус күчөп, пневмония пайда болсо, анда антибиотик колдонуу зарыл болот. Мындан улам өз алдынча дарылануудан алыс болуу керек. Бул тууралуу Айгүл Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жумаканова: коронавирус сасык тумоону сүрүп чыкты деген божомол бар
Анын айтымында, коронавирусту жеңүүнүн эң негизги жолу — калкты толук эмдөөдөн өткөрүү.
"Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусология лабораториясы жылына сасык тумоону изилдеп, анын жыйынтыгы менен аталган оору канча адамда катталганын, эмдөөнү канча пайыз адам алыш керектиги тууралуу чечим чыгарат. Кызык нерсе, былтыркы жылдан бери сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны кескин азайды. Бирок курч респиратордук илдеттер менен жабыркагандар мурдагыдай эле бар. Жаңы COVID-19 сасык тумоону сүрүп чыкты деген божомол болуп жатат. Эми бул жаатта дагы көп илимий терең изилдөөлөр жүргүзүлүшү абзел", — деди Жумаканова.
Адис элдин азыраак пайызы иммунитетине, генетикалык өзгөчөлүктөргө байланыштуу коронавирус менен оорубашы мүмкүн деген божомол бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0