Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Согуш ардагеринин небереси: чоң атамдын сөөгүн 7 жыл издедим

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жукен Узаковдун небереси Асел Жукенова
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жукен Узаковдун небереси Асел Жукенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жукен Узаковдун небереси Асел Жукенова дайынсыз жоголгон чоң атасы тууралуу маалыматтарды көп жылдык издөөдөн кийин тапканын айтты.
Согушка кетип дайынсыз жоголгон чоң атамдын сөөгү кайда жатканы 63 жылдан кийин гана белгилүү болду. Бул тууралуу Асел Жукенова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Согуш ардагеринин небереси: чоң атамдын сөөгүн 7 жыл издедим
Анын айтымында, ардагер көмүлгөн жерди табууда "Эрдик-Подвиг" фондунун көмөгү эбегейсиз болгон.
"Атам Рысбек Жукенов согушка кетип дайынсыз жоголгон чоң атама топурак салсам экен деген үмүт менен жашачу. 2011-жылдан тарта интернет булактарынан чоң атам тууралуу маалыматтарды издештире баштадым. 2017-жылы "Эрдик-Подвиг" фонду тууралуу радиодон угуп, байланышып калдык. Ошолордун жардамы менен чоң атам Жукен Узаков тууралуу маалымат таптык. Анын 1943-жылдын февралында Новгород облусунун Старая Русса шаарынын Пенно деген айылында баатырларча курман болгону тууралуу маалымдар болдук. Бирок сөөгү коюлган жери аныкталбай жүрдү. Ошондо Светлана Лаптеева деген журналист кыз Россиядагы издөө сайттары менен иштешип, сөөгү коюлган жерди аныктап берди. Көрсө, 2008-жылы чоң атам менен бирге 23 адамдын сөөгү табылып, сый-урмат менен Давыдов деген жерге кайра көмүлгөн экен. Ошол учурда бизге чакыруу жиберилген экен, бирок ал бизге жеткен эмес. 2018-жылы гана дайын-дарегин таап, атам барып топурак салып келди. Ошол жердеги 80дин тегерегиндеги улгайган адамдардын "аталап" ыйлап жатканы баарын жашытты", — деди Жукеева.
Ошондой эле ал баатырларча курман болгон аталарга урмат көрсөтүү алардын урпактарынын милдети экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0