Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: аш-тойлордо этти тейлеген адамды "бөкөл" десе болот

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков той-топур, аштарда эт тартууну тейлеген адамдын аталышын чечмелеп берди.
Жакшылык-жамандыкта эт тейлеген адамды "бөкөл" деп атаса болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Талантбеков: аш-тойлордо этти тейлеген адамды "бөкөл" десе болот
Анын айтымында, "бөкөл" деген сөздү күч түзүмдөрүн сыпаттаган "бөгөл" сөзү менен адаштырып албоо зарыл.
"Эпосто "отуз бөгөл жолдошу, оёнуң Манас жолборсу" же болбосо "кайгуул-бөгөл тооручу, казактардын жоорумчу" деген турукту саптар бар. Бөгөл деген Манастын чоролорунун бири катары баяндалат. Бул сөздү ысымга эле байланыштырбастан маанисин да карап көрсөк, ал душмандын, жаман иштин алдын тороп, бөгөгөн адам. Ошол эле учурда ошого үндөш "бөкөл" деген сөздүн башка мааниси бар. Мисалга жамандык-жакшылыктарда эт бышырууну, тартууну, бөлүштүрүүнү тейлеген адам "бөкөлчү" деп колдонулуп жүрөт", — деди Талантбеков.
Манасчы эпостон көөнө сөздөрдү эле кездештирбестен, руханий азык алса боло турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0