06:34 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436

Маатказиев: иш ордундагы кырсыкты болтурбоого эки тарап тең жооптуу

Радио
Кыскача шилтеме алуу
5310

Мамлекеттик эмгек инспектору Кубанычбек Маатказиев бөөдө кырсык жана кесиптик ооруларга жол бербөө үчүн жумуш берүүчү жана кызматкер укук, милдеттерин бирдей жоопкерчилик менен аткарышы керектигин айтты.

Жумушчунун эмгек укуктары бузулуп жатса Кесиптик кошуундар федерациясына, мамлекеттик эмгек инспекторлоруна жана прокуратураларга кайрылса болот. Жумушчунун арызда жазылган маселесине жараша жана уруксат кагазынын негизинде тиешелүү органдар жумуш жерине барып текшерет. Бул тууралуу Кубанычбек Маатказиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Маатказиев: иш ордундагы кырсыкты болтурбоого эки тарап тең жооптуу

Анын айтымында, кырсыктын жумушка байланышы бар-жогу аныкталганда гана кызматкерге жөлөк пул төлөнөт.

"Жумушчулар жаңы ишке киргенде беш күндүн аралыгында эмгек китепчеси толтурулуп, келишимдин негизинде кабыл алынат. Эмгек келишиминде жазылган жумушчунун укуктары, милдеттери менен толук таанышып чыгуусу зарыл. Ал эми өндүрүш тармагына орношкон кызматкер алгач нускамада көрсөтүлгөн локалдык нормативдик актылар менен таанышып, жумушчулар журналга катталып, анан ишти баштайт. Жумушчу иш берүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан нускамадагы талаптарды так аткарышы керек. Бул өндүрүш учурунда кызматкердин жаракат алып калуусунан сактайт. Өндүрүштө болгон бөөдө кырсыктарды тергөө жана каттоонун тартиби боюнча токтом бар. Иликтөө учурунда комиссия кырдаалды, инструктаждын сакталышын карап чыгат. Анын негизинде ким тараптан ката кеткени актыда көрсөтүлүп, жыйынтыгында кырсыктын жумушка байланышы бар-жогу аныкталат. Жөлөк пул өндүрүштө бөөдө кырсык жөнүндө актынын (форма Н-1) негизинде дайындалат", — деди Маатказиев.

Инспектор жумуш берүүчүлөр арасында эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча инструктаж, окуу-семинар өткөрүлүп турарын кошумчалады.

Тема боюнча

Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай
Белгилер:
Кубанычбек Маатказиев, жөлөк пул, укук, милдет, жумуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ