Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшенгулов: Кошой тоосунун аталышына эпостогу Кошой баатырдын тиешеси жок

© Sputnik / Асель СыдыковаТарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов "кошой" сөзү кошулуп аталган жер-суу аттарынын келип чыгуу тарыхына токтолду.
Кыргызда экини кош деген. Өзгөчө жер-сууга ат берерде бул сөз көп колдонулган. Таластагы Кошой тоосу да мына ушундай маанини түшүндүрөт. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Эшенгулов: Кошой тоосунун аталышына эпостогу Кошой баатырдын тиешеси жок
Анын айтымында, Үч-Кошой суусу да так эле ушундай маанини туюндурат.
"Таластагы Кошой тоосу же Үч-Кошой суусунун аталышына "Манас" эпосундагы каарман Кошой баатырдын тиешеси жок. Кыргызда экини "кош" деп атаган. Өзгөчө жан-жаныбар, жер-суу аталыштарында ушул вариант колдонулган. Андыктан "кош" жалгыз эмес, жуп дегенди "ой" улам төмөндөп отурган жер рельефин билдирген", — деди Эшенгулов.
Топономист бул аталышты облустагы Көк-Ой айылы да далилдеп турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0