Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: "бор кайнатуу" эзилтип бышыруу дегенди түшүндүрөт

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу маселесин көтөрдү.
Талантбеков: "бор кайнатуу" эзилтип бышыруу дегенди түшүндүрөт
Эпосто көпкө кайнатып, эзилте бышыруу "бор кайнатуу" деп берилген. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында айтты.
"Манас баянында "бор кайнатуу" деген түшүнүк бар. Анда эзилте кайнатуу деген мааниде колдонулат. Негизинен бул тамак даярдоодо айтыла турган сөз. Мисалы, "баглан козу ширин баш, бор кайнатып коюптур" деп Манастын бала курагында 40 жигит жыйнап 100 козу союп бышырып жеген учурунда кездешет. Этти "бор кайнатуу" менен аны жумшартып жегенге ыңгайлуу болгонун элестетүүгө болот", — деди Талантбеков.
Ал ошондой эле кийинки муунга көөнө сөздөрдү түшүндүрүп, өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0