Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Медетбек уулу: жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу учурдун талабы

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Догал" агрохимикаттар жана пестициддер компаниясынын агроному Бактыяр Медетбек уулу
Догал агрохимикаттар жана пестициддер компаниясынын агроному Бактыяр Медетбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
"Догал" агрохимикаттар жана пестициддер компаниясынын агроному Бактыяр Медетбек уулу жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдалануу аркылуу көп түшүм алуу учурдун талабы экендигин айтты.
Интенсивдүү багбанчылык, күнөскана, тамчылатып сугаруу сыяктуу айыл чарбасындагы жаңы тенденцияларды өнүктүрүү зарыл. Мындай пикирин Бактыяр Медетбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, айыл чарбасынын өнүгүшүндө тармакты санариптештирип, дыйкандарга маалыматтын жеткиликтүүлүгүн колго алуу кажет.
Медетбек уулу: жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу учурдун талабы
"Айыл чарбасы — мамлекеттин экономикасынын негизин түзгөн тармактардын бири. Ага карабастан көйгөйлөр абдан көп. Бул тармак азыркы учурда түздөн-түз жаңы тенденцияларга, жаңы өнүгүү жолуна муктаж. Анын негизги максаты — жер, суу, энергия ресурстарын оптималдуу пайдалануу менен көп түшүм алуу. Учурда дүйнөдөгү эң орчундуу көйгөй — ачкачылык, тамак-аштын жетишсиздиги. Көп өлкөлөрдө жаңы тенденциялар аркылуу көп түшүм алып, жаңы багыттарды ачып жатышат. Андыктан интенсивдүү багбанчылык, күнөскана, тамчылатып сугаруу сыяктуу технологияны жайылтуу керек. Айыл чарбасынын өнүгүшүндө тармакты санариптештирип, дыйкандарга маалыматтын жеткиликтүүлүгүн колго алуу кажет", — деди Медетбек уулу.
Ошондой эле адис дүйнө калкынын санынын өсүүсү орчундуу көйгөй болгондуктан суу, шамал, жер ресурстарын пайдалануу менен тамак-аш жетишпестигин жоюу зарылчылыгы бар экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0