Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумаканова: коронавирустун кыргыз штаммын аныктоо үчүн иштер башталды

© Sputnik / Асель СыдыковаСанитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова Кыргызстандагы лабораторияларда вирустун үлгүлөрү текшерилип, чет жакка концентрациясы жогору вирустар анализ жүргүзүүгө жөнөтүлөрүн айтты.
Учурда коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча 12 мамлекеттик жана төрт жеке менчик лаборатория иш алып барууда. Кыргызстандын лабораториялары жаңы штаммдарды аныктай албагандыктан анализдер Улуу Британияга жана Россияга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Айгүл Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлүп, Кыргызстандын өзүндө коронавирустун жаңы штаммдарын аныктаган лабораторияларды ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Жумаканова: коронавирустун кыргыз штаммын аныктоо үчүн иштер башталды
"Ушул жылдын январь айында Улуу Британиядагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун лабораториясына 20 анализ жөнөткөнбүз. Жыйынтыгында Кыргызстандан коронавирустун жаңы штаммы чыккан эмес. Негизи быйыл жыл башынан бери үч жолу штаммдарды изилдөө боюнча иш алып бардык. Февраль айында да Саламаттык сактоо министрлигинде Россиядан келген вирусологдор менен чогуу коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча чаралар иштелип чыгып, россиялык вирусологдор беш үлгүнү ала кеткен. Ал анализдер вирус мутация болгонун тастыктаган. Март айында ар кыл штаммдардын бар-жогун аныктоо үчүн коронавирус менен ооруп калган кыргызстандыктардын биоматериалдары, бүт республика боюнча 30 үлгү вирусология жана эпидемиология боюнча россиялык "Вектор" илимий борборуна жиберилген. Анализде COVID-19дун чет жактардан чыккан "британдык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана Россияда кездешкен штаммдары чыкты. Булардын ичинен эң кооптуусу өтө тез тараганга жөндөмдүү болгон "британиялык" штамм болууда. Ошентип апрелдин башынан баштап оору жугузгандардын саны өстү. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын январь айында лабораториялар суткасына 1000-1500 ПЧР-анализ жүргүзсө, марттын аягы, апрелдин башынан баштап суткасына 5000ден кем эмес изилдөөлөр жүргүзүлүүдө", — деди Жумаканова.
Адис азыр коронавирус күчөгөндүктөн Чүй облусу "кызыл зонага" жакындап, Бишкек шаары кооптуу аймакка кирип калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0