Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаманкулов: коронавирус учурунда коопсуз саякаттоого үйрөнүшүбүз керек

© Sputnik / Асель СыдыковаМинистр культуры, информации и туризма Азамат Жаманкулов
Министр культуры, информации и туризма Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Туризм тармагында эксперт, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов коронавирус учурунда туризмди жок кылып албоого аракеттенүү керек деген пикирин билдирди.
Пандемияга чейин туризм тармагы дүйнө жүзү боюнча популярдуу болуп бара жаткан. Алсак, ар бир онунчу адам ушул жаатта эмгектенип келген. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Жаманкулов: коронавирус учурунда коопсуз саякаттоого үйрөнүшүбүз керек
Анын билдиришинче, 2019-жылы туризмден түшкөн киреше республиканын ички дүң продукциясынын 5,3 пайызын түзгөн.
"Туризм пандемияга чейин дүйнө жүзү боюнча абдан өнүгүп бара жаткан болчу. Адамдар сергек жашоого олуттуу көңүл буруп, анын ажырагыс бир бөлүгү катары саякаттоону тандап жатышкан. Тилекке каршы, коронавирус пайда болгондон кийин 2020-жылы бул багытта иш таптакыр токтоп калды. Эми бул вирус кыска убакытта кетип калбасын түшүндүк. Андыктан аны менен кошо жашап, саякаттоого үйрөнүшүбүз керек. Азыркы учурда Жер планетасы боюнча кайсы өлкөлөрдө эпидемиологиялык абал кандай экенин көрсөтүп турган карталарды интернеттен тапса болот. Анда Кыргызстан учурда кызыл чекке жакындап бара жатканы көрүнүп турат. Мына ушундай абалга жеткирбей, келген туристтерге коопсуз саякаттоо мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүгө аракеттениш керек. Мисалы, аэропорттон тоо аралап эс алууга кеткенге чейин вирус жуктуруп алуу коркунучун азайтуу, ооруп калган учурда медициналык көмөктү өз убагында берүү сыяктуу маселелерди өлкө колго алса, туризм багыты кайрадан жанданат", — деди Жаманкулов.
Ал ошондой эле саякатчыларды тартууда жеке ишкерлер менен өкмөт тыгыз иштешүүсү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0