Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абиров: каржы пирамидасын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров
Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров 90-жылдардан кийин азайып калган каржылык пирамидалар кайрадан көбөйгөнүн белгиледи.
Аз убакыттын ичинде чоң суммадагы киреше табууну убадалагандарга ишенбөө керек. Анткени ал каржылык пирамида болуп калуусу ыктымал. Бул тууралуу Мыктыбек Абиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Абиров: каржы пирамидасын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат
Анын айтымында, каржылык пирамида уюштургандарга кылмыш жоопкерчилиги каралган.
"Каржылык пирамидалар соңку учурда күч алууда. Мыйзамдын 214-беренесине ылайык, аны уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жарандар дагы аз убакыттын ичинде чоң кирешени табууга убадалагандардан кооптонуусу зарыл. Адатта каржылык пирамида уюштургандар лицензия албай, тийиштүү документтери жок болот же жасап алышы дагы мүмкүн. Ошондуктан жарандарга кайсы бир долбоорго акча салуу кажет болуп калса, тийиштүү мамлекеттик органдардан тактап алуусун сунуштайм. Каржылык пирамидалардын иштөө принциби — улам жаңы катышуучулардын эсебинен мурдагы келгендердин акысын төлөп бериши зарыл. Алгач ачылганда уюмга жаңы катышкандарга акча төлөнүшү ыктымал, бирок уюмга мүчө болгондор көбөйгөндө уюштуруучулар качып кетет", — деди Абиров.
Ошондой эле ал каржылык пирамида менен тармактык маркетингдин чегин аныктоо дагы татаал экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0