Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жуматаев: чет өлкөдөгү кыргыз илимпоздорун баалабай жатабыз

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуПрезидент НАН КР Мурат Жуматаев
Президент НАН КР Мурат Жуматаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев техниканын өнүгүүсү менен чет өлкөдөгү окумуштуулардын тажрыйбасын мамлекеттин пайдасына колдонсо боло турганын белгиледи.
Чет өлкөгө чыгып кеткен окумуштуулардын мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатабыз. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Жуматаев: чет өлкөдөгү кыргыз илимпоздорун баалабай жатабыз
Анын айтымында, сыртка агылган ар бир кыргыз жараны өлкө менен байланышын үзбөй, мамлекетке өз салымын кошо алат.
"Чет өлкөгө чыгып кеткен илим кызматкерлеринин баары ошол жакта калып калбайт. Качандыр бир кезде квалификациясын жогорулатып кайтып келет. Арасында келбей калгандар дагы бар, алардын тажрыйбасын колдонуу боюнча ойлонуу зарыл. Мисалы, Оксфорд, Кэмбридж жана башка беделдүү университеттерде кыргыз кыздары, балдары иштеп жатышат. Алар деле мекенинде жашоо жакшы болушун каалайт. Ошондуктан чет өлкөдө ийгиликке жетишкендердин тажрыйбасын өлкө пайдасы үчүн колдонуу багытында Илимдер академиясында аракеттер көрүлүүдө. Айтсак, жакында эле Оксфорддо иштеген Казыбек деген медик бар экен. Ага "Ардактуу академик" деген наам бердик. Ал онлайн-лекцияларды өтүп, аспиранттарды жетектеп же кайсы бир долбоорлорду аралыктан ишке ашыра турган болду. Мына ушул багытта иш алып барууну колго алалы деп турабыз", — деди Жуматаев.
Ошондой эле ал учурда Улуттук илимдер академиясында улуу муундагы окумуштуулар менен жаштардын ортосундагы ажырым абдан чоң болуп, академиктердин орточо жашы 76да экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0