Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мырзабеков: Street workout спортуна кызыккандар абдан көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчө спортунун түрлөрү федерациясынын президенти Эмир Мырзабеков
Көчө спортунун түрлөрү федерациясынын президенти Эмир Мырзабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Көчө спортунун түрлөрү федерациясынын президенти Эмир Мырзабеков акыркы жылдары воркаутка кызыгып, ден соолугун чыңдаган адамдар көбөйгөнүн айтты.
Көчө гимнастикасын өнүктүрүүгө өкмөт да көңүл буруп, шаарларда атайын машыгуу аянтчаларын кура баштады. Мындай пикирин Эмир Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мырзабеков: Street workout спортуна кызыккандар абдан көбөйдү
Анын айтымында, каалаган адам воркаут аянтчасына келип, акысыз машыгууларга катышып, трюктарды үйрөнүп алса болот.
"Street workout — бул көчө гимнастикасы. Таза абада бекер машыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Спорт залдарына барып машыгууга шарты жоктор абдан көп. Бул көйгөйдү чечели деп эшикте машыгып баштаганбыз. Кыргызстанда алгач бул тармак кызыккандар үчүн гана болуп келсе, азыркы учурда спорттун түрү катары каттадык. 2013-жылы Көчө спорт түрлөрү федерациясы ачылган. Спортту кеңири жайылтуу максатында аракеттерди көрүп, өлкө боюнча мелдештерди өткөрүп келебиз. Учурда биздин командага кошулуп, воркаутка кызыккандар көбөйүп, машыккандардын саны 2000ден 5000ге чейин жетти. Бул спорт менен каалаган адам машыкса болот. Көчө гимнастикасын өнүктүрүүгө өкмөт да көңүл буруп, шаарларда атайын машыгуу аянтчаларын кура баштады", — деди Мырзабеков.
Ошондой эле машыктыруучу Street workout менен кыздар да машыгып, жылдан-жылга кызыгуу күч алып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0