Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сабыралиев: грыжа аз кыймылдаган жана оор жумушта иштегендерде пайда болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат медицинских наук Марат Сабыралиев
Кандидат медицинских наук Марат Сабыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун омуртка патологиясы бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Марат Сабыралиев көпчүлүк адамдар грыжасын ар кимге көрсөтүп, укалатып, анан күчөп кеткенде дарыгерге кайрыларын айтты.
Омурткасында грыжа пайда болгон адам табып же сөөк түзөгөндөргө барбастан дарыгерге кайрылып, толук текшерилүүдөн өтүшү керек. Ал эми грыжаны компьютердик томографияга эмес, магниттик-резонанстык томографияга тарттыруу зарыл. Себеби МРТ жумшак нерсени так, даана көрсөтө алат. Бул тууралуу Марат Сабыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сабыралиев: грыжа аз кыймылдаган жана оор жумушта иштегендерде пайда болот
Анын айтымында, грыжасы бар омурткага үй шартында укалоо сунушталбайт.
"Ар бир омуртканын ортосунда диск болот. Ал диск үч функцияны аткарат. Биринчиси — амортизация, анын жардамы менен адамдар чуркап, секирип, отура алат. Экинчи функциясы — адамды эңкейтип, чалкалатып жана капталдатып кыймылдатат. Ал эми үчүнчүсү — омуртканы бири-биринен ажыратпай же жармаштырбай бир калыпта кармап туруучу кызматты аткарат. Мына ушул дисктин химиялык зат алмашуусу бузулганда суу азайып, ал жарылып, жүлүндү тебет. Натыйжада диск менен жүлүндүн ортосунда тоскоолдук пайда болот. Бул учурда эки бут алмак-салмак же бир эле учурда экөө тең оорушу мүмкүн. Грыжа моюн омурткадан кармаган учурда адамдын колдору чымырап, талып уюп, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт. Чурку бел омурткасынан кармаган учурда кысылган нервден улам бутка кан аз кетип, натыйжада бут арыктап, сөөктөр кичирейип, буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бул учурда бел, жамбаш жана бут сөөктөр ооруйт. Адам омуртка грыжасын алдын алуу үчүн кыймыл-аракетти туура жасашы керек. Грыжа көп кыймылдабаган жана оор жумушта иштеген адамдарда пайда болот. Мындан тышкары, ашыкча салмактан арылбаса да омуртканы жабыркатат", — деди Сабыралиев.
Дарыгер адам кандай жумушта иштебесин, кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап жана дарыгердин айткандарын кынтыксыз аткарса, бул оорудан алыс боло аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0