Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл
Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.
"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.
Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0