Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбетова: паллиативдик жардам — адамдын оорудан азап чегишин алдын алуу

© Фото / Гульнара Тюбеева Онколог, специалист по паллиативной помощи Салтанат Мамбетова
Онколог, специалист по паллиативной помощи Салтанат Мамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Онколог жана паллиативдик жардам боюнча адис Салтанат Мамбетова 2017-жылдан баштап мультидисциплинардык топ паллиативдик жардам көрсөтүп келерин айтты.
Паллиативдик жардам — бул өмүргө чоң коркунуч келтирүүчү дартка чалдыккан бейтаптардын жана алардын үй-бүлөсүнүн жашоосун жакшыртууга болгон мамиле. Анда бейтаптардын оорусуна терең баа берилип, дарттан азап чегишинин алдын алуу, жеңилдетүү аркылуу аларга социалдык жана руханий жактан жардам берүү болуп саналат. Бул тууралуу Салтанат Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мамбетова: паллиативдик жардам — адамдын оорудан азап чегишин алдын алуу
Анын айтымында, паллиативдик жардам көрсөтө турган медкызматкерлер өтө аз.
"Паллиативдик жардам онкологиялык, жүрөк-кан тамыр, өпкө, бөйрөк оорулары өтүшүп кеткен учурда көрсөтүлөт. Ошондой эле ВИЧ/СПИД жана неврологиялык илдеттен жапа чеккен бейтаптарга жардам берилет. Кыргызстанда паллиативдик жардам берүү ири шаарларда колго алынган. Бишкектеги Улуттук онкология жана Ош шаарындагы Онкология борборунда айыккыс дарт менен ооругандарга 25 койкадан каралган. Бул өтө эле аз. Ошол себептен 2017-жылдан баштап мультидисциплинардык топ түзүп, айыккыс оору менен жабыркаган адамдардын үйүнө барып паллиативдик жардам көрсөтүп баштаганбыз. Пандемияга байланыштуу бейтаптардын үйүнө баралбай калгандыктан телефон аркылуу консультация берүүгө өттүк. Бул жалпы республикадагы бейтаптарды камтыганга жакшы мүмкүнчүлүк түздү", — деди Мамбетова.
Онколог жылдан-жылга паллиативдик жардамга муктаж оорулуулардын саны көбөйүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0