Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Косметолог: тейп менен беттеги бырышты кетирүү коопсуз болот

© SputnikКосметолог-эстет, тренер по фейсфитнесу и тейпированию лица Аида Сабырбекова
Косметолог-эстет, тренер по фейсфитнесу и тейпированию лица Аида Сабырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Фейсфитнес тренери, косметолог-эстет Аида Сабырбекова тейпти косметологияда колдонуунун жол-жобосун айтып берди.
Тейпти косметологияда колдонууну Кыргызстанга мындан үч жыл мурда мен алып келдим. Ага чейин беттеги бырыштарды кетирүүдө бул ыкма колдонулган эмес. Бул тууралуу Аида Сабырбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Косметолог: тейп менен беттеги бырышты кетирүү коопсуз болот
Анын айтымында, өзү тейпти сулуулукка колдонуу боюнча Санкт-Петербург шаарынан окуп келген.
"Тейп — бул 97 пайызы пахтадан жасалган лента. Анын артында адамдын ден соолугуна зыян алып келбей турган клейи болот. Бул ленталарды бетке чаптоо менен андагы бырыштардан арылууга шарт түзүлөт. Тейп денеге чапталган соң ошол жердин терисин көтөрөт. Мындай ыкма менен биз кан айланууну жакшыртабыз. Демек, организмдин табигый түрдө калыбына келишине жардам беребиз. Андыктан мунун зыяны жок. Кош бойлуу айымдар да колдоно берсе болот. Ал тургай ичи чоңоюп калганда омуртка сөөктөрүнө көмөк берүү үчүн бандаж катары да тейп тартып алса коркунучу жок. Ал эми косметологияда бетте безеткилер жок болгон бардык учурда бырыштарды кетирүү максатында колдонула берет. Биз тейп ленталарын берип, кардарларды атайын окуудан өткөрөбүз. Башкача айтканда, ар бир кардар тейпти туура колдонууну үйрөнүп, андан ары үйүндө өзүнө өзү кое берет. Жыйынтыгы 21 күндөн соң билинет. Анткени адам булчуңдары так ушунча убакытта белгилүү бир кыймылды жаттап калуу жөндөмүнө ээ", — деди Сабырбекова.
Ошондой эле ал тейпти туура эмес коюп алган учурда тескери жыйынтыкка кептелип калуу коркунучу бар экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0