Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сманбаева: мамлекеттик сыйлык алгандар атайын порталга киргизилди

© Sputnik / Асель СыдыковаОтветственный секретарь Комиссии по государственным наградам при президенте КР Жылдыз Сманбаева
Ответственный секретарь Комиссии по государственным наградам при президенте КР Жылдыз Сманбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева 1996-жылы мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамга кол коюлганын маалымдады.
1990-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик сыйлык алгандардын баары атайын порталга киргизилди. Бул тууралуу Жылдыз Сманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сманбаева: мамлекеттик сыйлык алгандар атайын порталга киргизилди
Анын айтымында, 1996-жылга чейин мурдагы советтик сыйлыктар берилип келген.
"1995-жылы Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам кабыл алган. 1996-жылы 16-апрелде бул мыйзамга президент кол койгон. Кийин алымча-кошумчалар киргизилип, "Манас" сыйлыгы 1-2-3-даражага бөлүнүп, ордендер жасалган. Учурдагы мамлекеттик сыйлыктар системасы төмөндөгүдөй: эң жогорку, Кыргыз Республикасынын баатыры наамы — бул "Ак шумкар" өзгөчө белгиси. Биринчи категорияга 1-2-3-даражадагы "Манас", "Курманжан Датка", "Данакер", "Даңк", "Достук", "Баатыр эне" ордендери жана "Элдик" деген ардак наамдар кирет. Экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар — "Эрдик", "Даңк", "Эне даңкы" медалдары жана "эмгек сиңирген" деген ардак наамдар. Ал эми тармактык сыйлыктар үчүнчү категория болуп эсептелет. Булардын сүрөттөрүн, тийиштүү маалыматтарды интернеттен табууга болот. Ошондой эле https://nagrada.srs.kg/ портал ачылып, ал жакта 1990-2021-жылдар аралыгында ким кандай сыйлык алгандыгы тууралуу кеңири маалымат бар", — деди Сманбаева.
Ошондой эле ал өзгөчө учурларда президент өз жарлыгы менен айрым жарандарды сыйлык алуунун шарттарына карабай сыйлай ала турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0