Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиров: майып балдарды спортко тартууну колго алуу зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор Государственного агентства физической культуры и спорта КР Шейшенкул Бакиров
Директор Государственного агентства физической культуры и спорта КР Шейшенкул Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Шейшенкул Бакиров кыргыз спортунун өнүгүшүнө маркетинг жана туура менеджмент жетпей жаткандыгын айтты.
Паралимпиадалык спорт түрлөрүн жайылтып, элге туура маалымат жеткирсек колдоо табат. Мындай пикирин Шейшенкул Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Бакиров: майып балдарды спортко тартууну колго алуу зарыл
Анын айтымында, параспорт түрлөрү боюнча спартакиада өткөрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жол ачып бериш керек.
"Бүгүнкү мезгилде өлкөдө параспорттун абалын эч ким билбейт. Жадагалса Паралимпиадалык комитет бар экенин билишпейт. Туура маркетинг, башкаруу аркылуу элге жеткирип, спортту пропаганда кылуу керек. Элге туура маалымат жеткирсек, спорт колдоо табат. Параспортчуларды учурдун баатырлары десек болот. Майып болгонуна карабай дени соо адамдарга салыштырмалуу жакшы иштерди жасап, спортто ийгиликтерди көрсөтүп жатышат. Параспорт түрлөрү боюнча спартакиада өткөрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жол ачып бериш керек. Майып жарандарды, өзгөчө өспүрүмдөрдү спортко тартууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарыл", — деди Бакиров.
Ошондой эле машыктыруучу спортчуларга ири мелдештерде жеңүүчү болгонго чейин колдоо көрсөтүп туруу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0