Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аалканов: финансылык пирамидалар эч кимге жакшылык алып келбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Самат Аалканов
Психолог Самат Аалканов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Психолог Самат Аалканов финансылык пирамидага азгырылбоонун психологиялык жолдорун айтып берди.
Финансылык пирамиданы ачык эле адамдарды алдоо катары кабыл алсак болот. Анткени алар баштаганда эле азгыруу методдорун колдонушат. Мындай пикирин Самат Аалканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Аалканов: финансылык пирамидалар эч кимге жакшылык алып келбейт
Анын айтымында, финансылык пирамидада ийгиликке жеткендерге караганда алданып калгандардын саны көп болот.
"Кайсы гана пирамида бизнесин албаңыз, алар ошол тармакта акча табуу абдан жеңил экенин айтышат. Мисалы, белгилүү бир сумманы аларга берип коюп эле акчаңыздын болуп көрбөгөндөй тездикте көбөйөрүн убадалашат. Сизди катарына кошуу үчүн ийгиликке жетип, көп акча таап же кымбат баалуу буюмдарга ээ болуп жаткан адамдарды көрсөтүшөт. Бирок, тилекке каршы, бул айсбергдин бизге көрүнгөн чокусу гана. Анын түбүндө канчалаган адамдардын каражаты, бир тыйын таппай, тескерисинче, алданып отургандардын көз жашы турат. Биз жашоодо эч нерсе бекер эле келип калбасын түшүнүшүбүз керек. Бардык нерсеге эмгек жана чынчылдык менен гана жетерибизди билишибиз зарыл. Ошондо биз мындай пирамидаларга азгырылбай калабыз. Ал эми билбей кирип алып белгилүү бир суммада каражат короткон соң түшүнүп калсаңыз, жөн гана аны боло турган чыгым катары кабыл алып, сарсанаа болбой ошол нерседен чыгып кетүүгө аракеттениш керек. Кек сактап, өчөшүп же дагы башка ушундай кадамдарга баруу биринчи кезекте өзүбүз үчүн гана зыян алып келерин унутпашыбыз зарыл", — деди Аалканов.
Ал жеңил акча табуу жолу менен байып кетүүгө аракет жасоо өзүмчүлдүктүн белгиси экенин жана бул психологиялык көз карашта жашоо мыйзамына туура келбестигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0