Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев Кыргызстанда музыка таануучулардын, талдоочулардын саны жокко эсе экендигин айтты.
Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе
Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.
"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби  — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.
Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0