Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сабырбекова: Кыргызстанда жылына 25 миң адам паллиативдик жардамга муктаж

© Sputnik / Табылды КадырбековПаллиативдик жана хоспистик жардам көрсөтүү ассоциациясынын тең төрайымы Таалайгүл Сабырбекова. Архив
Паллиативдик жана хоспистик жардам көрсөтүү ассоциациясынын тең төрайымы Таалайгүл Сабырбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Паллиативдик жана хоспистик жардам көрсөтүү ассоциациясынын тең төрайымы Таалайгүл Сабырбекова Кыргызстанда жылына 25 миң адам паллиативдик жардамга муктаж болорун айтты.
Биздин өлкөдө паллиативдик жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер 2011-жылы башталган. 20 жылдай убакыт өтсө да биз дагы деле ордубузда турабыз. Бул тууралуу Таалайгүл Сабырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сабырбекова: Кыргызстанда жылына 25 миң адам паллиативдик жардамга муктаж
Анын айтымында, паллиативдик жардам жаңы өнүгүп келе жаткан жаш адистик.
"Өлкө боюнча орто эсеп менен жылына 25 миң адам паллиативдик жардамга муктаж. Аларга онкологиялык гана оорулар эмес, СПИД, жүрөк-кан тамыр, неврологиялык жана өпкө оорулары сыяктуу башка айыкпас дарттар да кирет. Жардам кайсы гана оорунун түрү болбосун, ал айыккыс стадияга өткөндө адамдын оорудан азап чегишин алдын алат. Мында дарттын симптомдору гана басаңдатылып, бирок бейтаптын жашоо мөөнөтү узартылбайт. Паллиативдик жардамды дарыгерлер менен бирге психологдор, юристтер, социалдык кызматкерлер көрсөтөт. Азырынча Бишкекте эки, Ошто бир команда иштеп жатат. Булар чет өлкөлүк донорлор аркылуу каржыланат. ДССУнун программасына ылайык, саламаттык сактоо системасы бардык адамдарга базалык медициналык жардам көрсөтүшү керек. Анын ичинде паллиативдик жардам эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бизде көптөн бери бул нерсеге көңүл бөлүнгөн эмес. Мындан алты жыл мурун мыйзамда паллиативдик жардам көрсөтүү беренеси киргизилген. Саламаттык сактоо министрлигинде бул боюнча программа бар. Бирок каражат жоктугунан ишке ашпай келет. Пандемияга байланыштуу паллиативдик жардамга жетиштүү көңүл бөлө албай калдык. Азыр кайрадан жанданып, Бишкекте ресурстук борбор ачылганы турат. Учурда айыккыс оорулууларга жардам берип жүргөн топтун дарыгерлеринин тажрыйбасын, билимин үй-бүлөлүк дарыгерлерге үйрөтүү каралууда", — деди Сабырбекова.
Адис карылар үйүндө паллиативдик жардамга муктаж 40 киши жатарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0