Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Топонимист: Кулун көлү өлкөдөгү тоодо жайгашкан көлдөрдүн эң чоңу

© Sputnik / Асель СыдыковаТарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Фергана тоо кыркасынын түштүк-батыш аймагында жайгашып, Кара-Кулжага караган Кулун көлү тууралуу айтып берди.
Кулун көлү тоо арасында жайгашкан өлкөдөгү көлдөрдүн эң коозу. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Топонимист: Кулун көлү өлкөдөгү тоодо жайгашкан көлдөрдүн эң чоңу
Анын айтымында, аталган көл жер силкинүүдөн улам капчыгай тосулуп калгандан кийин пайда болгон.
"Кулун көлү азыркы Кара-Кулжа районуна карайт. Фергана кырка тоолорунун түштүк-батышында жайгашкан, тоо арасындагы эң кооз көлдөрдүн бири. Окумуштуулар аны жер силкинүүдөн улам пайда болгон бөгөт көл деп айтышат. Жергиликтүү калк болсо Кулунду көл, Кулун көл деп атап, ар кандай уламыштарга байланыштырып келишет. Мисалга алсак, сууга кулун чөгүп кеткендиги үчүн же болбосо коңгуроосу шыңгыраган бир сыйкырдан пайда болгон кулун жердегендиги тууралуу легендалар бар", — деди Эшенгулов.
Топонимист Кулун көлүнүн суусу ичүүгө жарактуу экенин жана бул жер атайын корукка алынганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0