Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дүйшөнкулова: чач түшүп, тырмак сынса организмде витамин жетишпейт

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова чачтын түшүшү, тырмактын сынышы, бетке безеткинин чыгышы, тарамыштын тырышуусу организмде витаминдин жетишпестигинен кабар берерин айтты.
Дүйшөнкулова: чач түшүп, тырмак сынса организмде витамин жетишпейт
Адамда гиповитаминоз абалы байкалса дароо дарыгерге кайрылып, комплекстүү витаминдерди алуу зарыл. Мындай маалыматты Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, организмде витаминдердин нормасын сактоо үчүн туура тамактануу керек.
"Адамдын организминде витаминдин жетишпестигин түрдүү белгилер менен аныктаса болот. Мисалы, чачтын түшүшү, тырмактын морт болуп сынышы же тырмактын түбүнүн оорушу, бетке безеткинин чыгышы, тарамыштын тырышуусу байкалса, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Дарыгер карап, комплекстүү витаминдердин түрлөрүн жазып берет. Балким кошумча мультивитаминдерди сунуш кылат. Эң негизгиси туура тамактанууну колго алышыбыз керек. Мындан тышкары, организмдеги суунун көлөмүн көзөмөлдөп турганыбыз жакшы. Анткени витаминдер сууда эрүүчү жана майда эрүүчү болуп экиге бөлүнөт. A, D, E, K витаминдери майга эрисе, калгандары сууда эрийт", — деди Дүйшөнкулова.
Ошондой эле адис ар бир адам организмдеги суунун күнүмдүк нормасын жөнгө салып туруу зарылдыгын кошумчалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0