Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жакыпбеков: такси тармагында баа атаандаштык менен калыптанбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель союза таксистов Руслан Жакыпбеков
Председатель союза таксистов Руслан Жакыпбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Такси айдоочулардын профсоюзунун төрагасы Руслан Жакыпбеков такси тармагында атаандаштык менен иш жүрбөй калганын билдирди.
Такси тармагында баалар атаандаштык менен калыптанбайт. Бул тууралуу Руслан Жакыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жакыпбеков: такси тармагында баа атаандаштык менен калыптанбайт
Анын айтымында, учурда кардардын таксиге отурушу 39 сом, ал эми чакырымына 10 сомдон болууда.
"Өлкөгө чет өлкөлүк такси агрегаты кирип, бааны түшүрүү жолу менен кардарларды тартып алды. Бонус системасы аркылуу, башкача айтканда, кардар төлөй турган каражатты компания төлөп берүү менен айдоочуларды да өзүнө тартып жатат. Башында комиссия албаса, азыр 15-16 пайызга чейин көтөрүп салды. Ал эми бааларды динамикалуу тариф, коэффициент деген шылтоо менен баалар бир кылка эмес. Ал эми жергиликтүү такси кызматтары чет өлкөлүк компанияга акысын тууралады. Мындан улам айдоочулар баа кымбат болгон аймакта же убакытта иштейт. Ошондой эле такси айдоочулары бир нече фирма менен иштейт. Телефонуна беш-алты фирманын тиркемесин көчүрүп алган. Натыйжада алар кардар көп учурда шаардын борборунда иштесе, жаңы конуштарга башка фирманын тарифи менен чыгат", — деди Жакыпбеков.
Ошондой эле ал такси тармагында монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мыйзам иштебей жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0