Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева жайыттардын бузулуусу орчундуу маселелердин бири экендигин айтты.
Советтик мезгилде жайыттарды үнөмдүү пайдалануу, чектерин бөлүү, жер которуп малды жаюу, малдын санын көзөмөлдөө иши жүрүп тургандыктан жайлоолор сакталып турган. Мындай маалыматты Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат
Анын айтымында, тоолуу экологиялык системада топурактын катмары жука болуп, өсүмдүктөрдүн тамыры да терең кетпегендиктен тез жабыркайт.
"Жайыттардын бузулуусу орчундуу маселе. Совет мезгилинде жайыттарды үнөмдүү пайдалануу, чектерин бөлүү, жер которуп малды жаюу, малдын санын көзөмөлдөө иши жүрүп келген. Айыл чарба министрлиги бул багытта тиешелүү иштерди алып барып жатса керек. Анткени жайыт комитеттери бар. Бирок ошол эле учурда жайлоолордун жабыркашы көп көйгөйдү жаратат. Тоолуу экосистемада топурактын катмары өтө жука болуп, өсүмдүктөрдүн тамыры терең кетпейт. Себеби табигый шарт ушундай түзүлгөн. Мисалы, ача туяктуу мал топурактын катмарын көп басып, жолдорду салып, өсүмдүктөрдүн жакшы өсүшүнө тоскоолдук жаратат", — деди Донбаева.
Ошондой эле адис токой ресурстары да каралбай, бак-дарактар уруксатсыз кыйылып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0