21:49 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988

Абдуллаев: баланы китепке кызыктырыш үчүн чоңдор китеп окушу зарыл

Радио
Кыскача шилтеме алуу
10

"Китепстан" басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев балдар китебин даярдоодо сүрөтчүлөрдүн эмгеги кымбат турарын айтты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы балдар китебинин 177 800 тиражы чыкса, 2020-жылы 395 миң китеп басылган. Ошондо 12 балага бир китеп туура келип жатат. Ал эми жалпы калкты ала турган болсок, үч адамга бир китеп туура келет. Бул тууралуу Бакытбек Абдуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абдуллаев: баланы китепке кызыктырыш үчүн чоңдор китеп окушу зарыл

Анын айтымында, баланы китепке кызыктырыш үчүн чоңдор китеп окушу зарыл.

"Кыргызстанда балдар үчүн саналуу эле жазуучулар жазат. Менин көз карашым боюнча, улуу курактагы жазмакерлер азыркы технологиялык өнүгүүлөрдү эске албай эле эмгек жаратууда. Балдарды китепке кызыктырыш үчүн муну да көз жаздымда калтырбаш керек. Экинчи маселе — чындап эле финансылык колдоонун жоктугу. Мисалы, биздин басма үй 32 беттик "Бакчадагы баламын" деген чыгарманын үстүнөн педагог Чынара Термечикова, сүрөтчү Динара Чокотаева менен эки жыл иштеди. Бул жерде сүрөтчүлөрдүн эмгеги өтө кымбат. Басып чыгара турган болсок, миң даанасы 85 миң сомду түзөт. Ошентсе да спонсорлордун аздыгына, азыркы пандемиядан кийинки экономикалык кырдаалга карабай жылыш бар. Эми китептин маанилүүлүгүнө келсек, кенже курактагы балдар үчүн "катастрофа" деп аталган изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгына ылайык үч жашка чейинки балдарга чоңдордун билимдүүлүгүнүн тийгизген таасири иликтенген. Анда төмөнкү, орто жана жогорку билимдүү үй-бүлөлөр камтылган. Төмөнкү билимдүү адамдардын балдары "нан, чай, суу ичем" деген гана сөздөрдү колдоно алышкан. Ошондой эле жогорку билимдүү ата-эненин балдары көп нерседен кабардар болору белгилүү болгон. Демек, бул балдар мектепке да даяр болуп барып, баарынан алдыда болору анык", — деди Абдуллаев.

Ал эгер бир үй-бүлөдө китеп 80ден аз болсо, анда баланын арифметикадагы, текст окуп түшүнүүдөгү сабаттуулугу төмөн болору аныкталганын кошумчалады.

Тема боюнча

Манасчы Бакчиевдин "Айтуучулук касиет" аттуу китеби орус тилинде жарык көрдү
Белгилер:
басмакана, балдар, китеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ