Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Асыкбекова: эмдөө алгандардан медициналык жардамга муктаждар кездеше элек

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель Бишкекского центра иммунопрофилактики Бурул Асыкбекова
Руководитель Бишкекского центра иммунопрофилактики Бурул Асыкбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык иммундук профилактика борборунун жетекчиси Бурул Асыкбекова борбор калаада 29-марттан тарта коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлүп жатканын эске салды.
Өлкөгө коронавируска каршы 150 миң доза вакцина келип, анын ичинен Бишкек шаарына 26 миң доза бөлүнгөн. Бул тууралуу Бурул Асыкбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Асыкбекова: эмдөө алгандардан медициналык жардамга муктаждар кездеше элек
Анын айтымында, коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүргүзүлөт.
"Эмдөө боюнча көптөгөн иштер жасалууда. 19-мартта Кытайдан 150 миң доза алып келинип, 29-марттан баштап эмдөө башталды. Анын ичинен Бишкек шаарына 26 миң доза бөлүнүп, №2, 3, 6, 7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда сайылууда. Эмдөө үч этап менен жүргүзүлөт. Биринчисинде мугалимдер, медиктер, күч органдары жана мамлекеттик кызматкерлер эмделет. Экинчи этапта ала тургандар — 65 жаштан жогоркулар жана өнөкөт оорусу барлар. Үчүнчү баскычта каалагандардын баары вакцина сайдыра алат. Азыркы тапта эмдөө алгандардын ичинен башы ооругандар, дене табы көтөрүлгөндөр, ийне алган жери ооруксунуп калгандар болуп жатат. Мындай жагымсыз жагдайлар бардык эле эмдөө алганда кездешет. Бирок медициналык жардам талап кылган оор жагдайлар кездешкен жок", — деди Асыкбекова.
Медик алдыда Россиянын "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасын алып келүү мерчемделип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0