Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кызалаков: волейбол боюнча ийгиликтер 10 жыл мурдагы иштердин жемиши

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-президент федерации волейбола КР Женишбек Кызалаков
Вице-президент федерации волейбола КР Женишбек Кызалаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаков соңку убактарда аталган спорт өлкөдө абдан өнүккөнүн белгиледи.
Волейбол спортундагы учурдагы ийгиликтер 10 жыл мурда башталган иштердин жемиши. Бул тууралуу Жеңишбек Кызалаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кызалаков: волейбол боюнча ийгиликтер 10 жыл мурдагы иштердин жемиши
Анын айтымында, волейбол боюнча курама команда Азия чемпионатына 2015-жылдан баштап чыга баштаган.
"Өлкөдө волейболдун өнүгүүсү кыйла жакшы. Соңку учурда спортчуларыбыз эл аралык бир канча турнирлерде алдыңкы орундарды алышты. 10 жыл мурда федерациянын алдында окуучулар арасындагы лига уюштурулган. Мына эми убакыт өтүп, ошол иштердин натыйжасы көрүнө баштады. Азыркы тапта окуучулар лигасы кыздар жана балдар арасында өтүп келе жатат. Учурда дагы воллейболду өстүрүү багытында иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Өткөн жылы атайын чакырык кубогун уюштуруу аракети көрүлгөн болчу. Пандемияга байланыштуу бул иш-чара жылдырылып калды. Алдыда эпидемиологиялык абал жакшыра турган болсо, бул турнирди өткөрүү аракети көрүлөт", — деди Кызалаков.
Ошондой эле ал учурда воллейбол боюнча эркектер арасындагы улуттук лигада сегиз команда, ал эми жогорку лигада 12 команда бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0