Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тодогелдиев: зомбулук көргөн балдардын 90%ынын ата-энеси миграцияда

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Тодогелдиев
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Тодогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Тодогелдиев зомбулукка кабылган балдардын 90 пайыздан ашыгынын ата-энеси эмгек миграциясында жүргөндүгүн маалымдады.
Тодогелдиев: зомбулук көргөн балдардын 90%ынын ата-энеси миграцияда
Бала 18 жашка чыкканга чейин ата-эне ага социалдык, укуктук жактан кам көрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы аталган министрликтин кызматкерлери үймө-үй кыдыруу акциясын өткөрүп, натыйжада ата-энеси чет жакта иштеген 107 миң бала катталган.
"Ата-эне эмгек миграциясына башка мамлекетке аттанарда балдарын мыйзамдуу өкүлгө таштап кетүүсү абзел. Бул тиешелүү учурда балдардын укугун коргоого өбөлгө түзөт. Ошол эле медициналык жардам алууда, билим берүүдө жашы жете элек баланын расмий өкүлү жок, укугу тебеленип калышы мүмкүн. Тилекке каршы, өлкөдө зордук-зомбулукка кабылган балдардын 90 пайыздайы ата-энеси эмгек миграциясында жүргөн үй-бүлөлөрдөн болууда. Жылына турмуштук оор кырдаалга кабылган 5-6 миң бала катталса, алардын көпчүлүгүнүн ата-энеси башка мамлекеттерде убактылуу иштеп жүргөндөр. Мыйзам боюнча ата-эне 18ге жашы жете элек баласын туугандарына таштап кетип жатканда алты айга ишеним көрсөтүп, каттатышы зарыл. Бирок учурда эмгек миграциясында жүргөндөрдүн 10-15 пайызы гана бул мыйзамдагы милдетин аткарууда. Ошонун кесепетинен дагы балдарга карата жасалган мыйзамсыз иштерде мамлекеттик органдар тиешелүү деңгээлде коргой албай калып жатышат. Биз башка мамлекетке чыгып жаткан ата-энелерди жашы жете элек балдарын мыйзамдык негизде калтырып кетүүлөрүн өтүнөбүз", — деди Тодогелдиев.
Адис учурда Балдар кодексине өзгөртүүлөр сунушталганын, мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөндүгүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0