Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Топонимист: Каракол — кенен, жазы, жайык жер дегенди билдирет

© Sputnik / Асель СыдыковаТарыхчы, топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов
Тарыхчы, топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Тарыхчы, топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Каракол шаарына дарыянын аталышы ыйгарылганын айтты.
Топонимист: Каракол — кенен, жазы, жайык жер дегенди билдирет
Каракол деген сөз "кара" түстү, анан "кол" адамдын колун түшүндүрбөйт. "Кара", "кол" бул эки сөз тең кенен, жазы, жайылып жаткан өрөөн, жер дегенди билдирет. Мисалы, кара жер деп адабий чыгармалардан окуп калабыз. Бул анын өңүн эмес, чоңдугун, чалкып жаткан кенендигин туюнтат. Маалыматты Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Каракол шаары ушундай аталыш менен 1869-жылы негизделген.
"Каракол шаары алгач форпост катары негизделген. Башкача айтканда, Кытайдан чыккан соодагерлер ушул жерден келип соода-сатыгын жүргүзүп, товар алмашуу жүргүзө турган аймак болгон. Шаарда көбүнесе чек арачы аскерлер жашап турган. Бул шаарда соңку саякатына даярданып жатып, 1888-жылы атактуу саякатчы Н.М. Пржевальский оорудан улам көз жумган. 1899-жылы саякатчынын юбилейинин урматына шаарга аты берилген. 1921-жылы шаар кайрадан тарыхый аты менен Каракол деп аталган. 1939-жылы Пржевальскийдин 100 жылдыгынын урматына ысымы сөөгү коюлган жерге ыйгарылган. Ошондон тарта 1992-жылга дейре саякатчынын атын алып жүргөн. Эгемендүүлүктү алган соң жер-сууларга тарыхый аталыштарын ыйгаруу саясатынын арты менен кайрадан Каракол болуп калды. Шаардын көчөлөрү түз, бак-дарактар мыкты отургузулган, архитектурасы кооз. Сырткы келбетине дыкат көңүл бурулуп салынган калаа. Аты да анын географиялык абалын сүрөттөп турат", — деди Эшенгулов.
Топонимист алгачкы метеостанция ушул шаарда 1881-жылы түзүлгөнүн жана жалпы элдик китепкана да алгач ушул жерде ачылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0