Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мусуралиев: ишкерлер Салык кызматынын үстүнөн көп даттанышат

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес-омбудсмендин орун басары Нурлан Мусуралиев. Архив
Бизнес-омбудсмендин орун басары Нурлан Мусуралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Бизнес-омбудсмендин орун басары Нурлан Мусуралиев бизнесмендер эң көп даттанган мамлекеттик органдарды атап, ишкерликти өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү санады.
Өлкөдө ишкерлердин ассоциациялары убактылуу көйгөйлөр менен эле күрөшүүдө. Бул тууралуу Нурлан Мусуралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мусуралиев: ишкерлер Салык кызматынын үстүнөн көп даттанышат
Анын айтымында, республикада эл аралык деңгээлде потенциалы жогору болгон бир-эки эле ассоциация бар.
"Ишкерлер эң көп даттанган орган — Мамлекеттик салык кызматы. Буга мыйзамдардын өтө татаалдыгы себеп болууда. Акыркы учурда эле Салык кодексине 170тей өзгөртүү киргизилген. Ишкерлер бизнес кылыш керек же мыйзамды окуп отура бериши керек болуп калды. Соңку убактарда укук коргоо органдарына да арыздануулар күчөп жатат. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар порталынын ишине нааразычылык билдиргендер арбын. Ал эми аймактардан жерге байланыштуу даттануулар түшүүдө. Кээ бир региондордо жергиликтүү бийлик мыйзамдан тыш талаптарды коет. Бул боюнча маалымат берүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ишкерлердин укугун коргоо боюнча ар бир аймакка ылайыктуу болгон жол картасын түзүү мерчемделүүдө. Буга утурлай өлкөдө ишкерлик ассоциациялардын потенциалы жогору болбой жатат. Алар учурда өрт өчүрүү кызматындай болуп, улам чыккан тоскоолдуктар менен эле күрөшүүдө. Көйгөйдүн алдын алып, ишкерлерге шарт түзүү жаатында иш алып барган ассоциациялар саналуу", — деди Мусуралиев.
Ошондой эле учурда сомдун куну түшүп кеткенинен улам аларга киреше табуу мүмкүн болбой калганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0