Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турсунбеков: чымыр денелүү болуу үчүн күндө чуркоо керек

© Sputnik / Асель СыдыковаCпортсмен Дастан Турсунбеков
Cпортсмен Дастан Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Спорт сүйүүчү Дастан Турсунбеков чуркоону эмнеден баштоо керектигин, кандай эрежелерге көңүл буруу зарылдыгын айтып берди.
Мен 2010-жылдан баштап чуркап баштадым. Мурда жумуштан барып кечки машыгуу, чуркоо тууралуу укканда чарчап барып кантип машыксын дечү элем. Көрсө чуркаганда кайра дене чыйралып, тамакты туура жеп, жакшы уктап, эртеси сергек ойгонуп, кадимкидей өзгөрүү болот экен. Бул тууралуу Дастан Турсунбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.
Турсунбеков: чымыр денелүү болуу үчүн күндө чуркоо керек
Анын баамында, дене түзүлүш өзгөрүп, ден соолук чың болушу үчүн күнүгө чуркоо керек.
"Алгач ар бир адам алына жараша кичинеден чуркап башташы керек. Бара-бара аралык менен убакытты узартуу зарыл. Башында туура эмес чуркаган болсоң улам тажрыйба алган сайын кемчиликтерди оңдоп аласың. Эң негизгиси жыйынтык болуш үчүн күнүгө чуркоо маанилүү. Жумасына 1-2 күн эс алган туура болот. Азыр чуркоого кызыккандар көбөйдү. Көчөдө чуркап жүргөн адамды көрсө эч ким деле таң калбай калды. Чуркоону, биринчиден, жакшы көрүш керек. Баары эле чуркап жатат, мен да чуркайм деп өзүн кыйнаган болбойт. Бул жерде убакытты туура бөлүштүргөн оң. Андан тышкары, экипировка ыңгайлуу болушу абзел. Чуркоого арналган жумшак, таманы калыңыраак бут кийим кийген туура. Себеби чуркаганда таманга адамдын салмагынан 2,5 эсе көп күч келет. Ошондуктан начар бут кийимден жаракат алып калуу мүмкүн. Ошондой эле жумасына "баланча" чакырым чуркаш керек деген чуркоонун көлөмү болот. Бул стабилдүү аткарылышы керек да жума сайын көбөйүп отурат. Чуркаган кишилер таманы, кыр сөөгү же тизеси ооруп жүргөнүн айтып даттанып калышат. Мындай болбош үчүн системалуу түрдө машыгуу керек", — деди Турсунбеков.
Ал көпчүлүккө маалым болгон чуркап баратканда мурун менен дем алуу керек деген эреже жоктугун, чуркаганда көп кислород керек болгондуктан каалагандай дем ала берсе болорун кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0