Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сатыбалдиева: хижаманы медицина өнүгө электеги ыкма деп эсептейм

© Sputnik / Асель АкматалиеваРеспубликалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева
Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева калк арасында хижама арам канды алып чыгат деген түшүнүк бар экенин, кан эч качан арам болбой турганын айтты.
Медицинада хижаманын кайсы бир ооруну айыктырганы боюнча так далил жок. Хижама жасаган борборлордун клиникалык протоколдору барбы, ал эмненин негизинде берилген, лизенция менен иштейби деген бир катар суроолор жаралат. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сатыбалдиева: хижаманы медицина өнүгө электеги ыкма деп эсептейм
Анын айтымында, ДССУнун далили боюнча донордун каны аркылуу ар кандай оорунун жугуу мүмкүнчүлүгү 2-3 пайызды түзөт.
"Хижама жасоодо биринчи маселе — гигиенаны сактоо. Андан кийин коагулограмма — кандын уюганын текшериш керек. Эгер адамдын каны уюбаса, көп кан кетирип алышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, кан аркылуу жугуучу гепатиттин түрлөрү, ВИЧ, СПИД өңдүү оорулар бар. Төртүнчүдөн, аталган ыкма тууралуу медициналык далил. Биздин нормативдик-укуктук документтерде так, даана медициналык кароодон өткөргөндөн кийин адамдын салмагына жараша зыян келтирбегидей кылып кан алынышы керектиги көрсөтүлгөн. Белгилеп кетчү жагдай, биз ден соолугу чың адамдан кан алабыз. Ал эми ооруган адам үчүн бул процесс өтө оор деп айтат элем. Донорлордон алган кан башка адамга куюунун алдында текшерүүдөн өтөт. Ал өтө кымбат турат. ДССУнун далили боюнча, донордун каны аркылуу ар кандай оорулар жугуу тобокелдиги 2-3 пайызды түзөт деген жери бар. Себеби инкубациялык период учурунда айрым илдеттер билинбей калышы ыктымал да. Бул деген абдан татаал жогорку технологиялык жабдуулар менен эки этапта текшерилет. Ал эми анализи таза эмес чыгып калган кандар утилизацияланып, өрттөлөт. Хижамада лезвие, банкалар колдонулуп жатат. Түрдүү оорулар жугуп калуу коркунучу абдан жогору. Андыктан хижаманы медицина өнүгө электе колдонулган ар кандай ооруларды дарылаган ыкма деп эсептейм. Ошондой эле калк арасында хижама арам канды алып чыгат деген түшүнүк бар экен. Кан эч качан арам болбойт. Болгону оорулардан улам организм интоксикация болот да, ал эми кандагы уу заттар көп суюктук ичкенден кийин сыртка чыгат", — деди Сатыбалдиева.
Адис хижама жасаткан адамдар ага ишенгендиктен кандайдыр бир психологиялык таасир болуп, өзүн жакшы сезиши мүмкүндүгүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0