Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камчыбеков: коомду өнүктүрүш үчүн майыптардан баштоо керек

© Sputnik / Асель СыдыковаЧлен национальной сборной по паралимпийской легкой атлетике Адилет Камчыбеков
Член национальной сборной по паралимпийской легкой атлетике Адилет Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Адилет Камчыбеков мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды спорт аркылуу коомго кошуу зарылдыгын белгиледи.
Кооомго аралашкан адам гана ийгиликке жетип, жашоодогу ордун билип, көйгөйлөрүн чече алат. Мындай пикирин Адилет Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Камчыбеков: коомду өнүктүрүш үчүн майыптардан баштоо керек
Анын айтымында, майыптарды коом туура кабыл алып, алар менен эсептешкенде гана жылыш болуп, "кайраттуу адамдар" өзүлөрүн эркин сезе алат.
"Негизи ар бир нерсе көңүл буруудан, түшүнүктөн пайда болот. Алар болбосо иш алдыга жылбайт. Мамлекет майыптардын келечегин карап, кошумча шарттарды түзүп берсе мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ден соолугун жакшыртууга жол ачылмак. Майыптарды спорт аркылуу коомго аралаштырыш керек. Ошондо гана ийгиликке жетип, көйгөйлөрүн чече алышат. Бирок ушу тапта көбү коомго аралашпай үйүндө отурушат. Адамдар майыптарды бөлүп-жарбай туура мамиле жасаганда гана жылыш болот. Коомду өнүктүрүш үчүн майыптардан баштоо зарыл. Алардын спорттогу ийгиликтери дени соо адамдарды шыктандырып, мотивация берет", — деди Камчыбеков.
Ал мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларды колдоо боюнча мамлекетке талаптарды айтып келгени менен жакшы көңүл бурулбай жаткандыгын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз
Жаңылыктар түрмөгү
0