Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Боронбекова: кыздар футболу өнүгүү жолунда

© Sputnik / Асель СыдыковаФутбол боюнча кыздар арасындагы улуттук курама команданын оюнчусу Айжан Боронбекова
Футбол боюнча кыздар арасындагы улуттук курама команданын оюнчусу Айжан Боронбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Футбол боюнча кыздар арасындагы улуттук курама команданын оюнчусу Айжан Боронбекова өлкөдө жылдан-жылга командалар көбөйүп, кыздар футболу өнүгүү жолуна түшкөнүн айтты.
Боронбекова: кыздар футболу өнүгүү жолунда
Кыргызстанда кыздар футболу 2006-жылы жаңы башталып, улуттук курама командага эки гана клубдан оюнчулар алынган. Бул тууралуу Айжан Боронбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыз футболчулары айлык алышпайт.
"Кыздар футболу бизде бар жана өнүгүү жолунда. Учурда Улуттук лигада 16 жаштан жогорку кыздар ойнойт. Лигада сегиз команда күч сынашып келет. Бишкектен "Чемпион" жана "Азалия" командалары бар. Кант, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол шаарларында да түптөлгөн клубдар мелдешке катышып келишет. Мисалы, 2006-жылы өлкөдө кыздар футболу жаңы пайда болуп, Азия чемпионатына тандоо турунда улуттук курама командага эки гана клубдан оюнчулар алынган. Ал эми азыр оюнчулар көп. Бул бизди абдан кубандырат. Алсак, Өзбекстандын чемпионаты, алардын абалы бизден 10 жылга алдыда. Машыктыруучулардын саны бизге салыштырмалуу өтө көп. Футболчулар ойногону үчүн айлык алып, колдоосу да жакшы. Ал эми бизде оюнчулар айлык албайт. Кыргызстанда кыздар футболу сүйүүчүлөр деңгээлинде", — деди Боронбекова.
Ошондой эле спортчу кыз коомдо кыздардын футбол ойногону туура эмес деген пикирлер бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0