Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шылуундар паспорттун көчүрмөсүн кантип колдонушу ыктымал? Юристин жообу

© Sputnik / Асель СыдыковаЮридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров шылуундар паспорттун көчүрмөсү менен кандай мыйзамсыз иштерди жасай ала турганын санап берди.
Шылуундар паспорттун көчүрмөсүн кантип колдонушу ыктымал? Юристин жообу
Насыя алуу банктын кеңсесинде жүргүзүлсө арыз, өтүнүч же башка документтерге кол кое турган жарандын өзүнүн катышуу процедурасы каралган. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, мындай жагдайда насыя берүүчү мекеменин өкүлү менен сүйлөшүп алып гана паспорттун көчүрмөсү менен кредит алса болот.
"Эгерде насыя аралыктан тейлөө аркылуу берилсе, арыз берүүчүнүн өздүгүн идентификациялоо татаалыраак. Анда насыяны башка бирөөнүн паспорту сканерден өткөрүлгөнү же башка маалыматтары аркылуу тариздөө тобокелчилиги бар. Маселен, айрым насыя берүүчү мекемелер аралыктан паспорттун көчүрмөсү менен насыя берүүнү жүзөгө ашырып келишет. Ошондой эле өздүк документтин көчүрмөсү менен бөлүп төлөөгө мүмкүн болгон товарды алуу тобокелчилиги бар. Себеби бул багытта иш алып барган дүкөндөр паспорттун көчүрмөсү менен иш алып бара беришет. Мындан тышкары, сим-карталарды документтин көчүрмөсү менен каттоо мүмкүн. Себеби бул кызматты онлайн каттоо ишке аша баштады. Бирок мындай учурда башка бирөөнүн паспортунун копиясына сим-картаны каттатып алуу коркунучу жаралышы ыктымал. Мындай учурда сим-карта кимге катталса ошол жооп берип калат", — деди Бакиров.
Юрист паспорттун көчүрмөсү менен батир саттуу, фирмаларды каттоо татаал экенин белгилеп, ал үчүн нотариус же мамлекеттик органдын кызматкерлери менен сүйлөшүп алуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0