18:05 18 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5723
  • EUR100.7425
  • RUB1.1710

Сооронбаев: COVID-19дан кийин адам кайра калыбына келүүсүнө көңүл бурушу керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2754)
36 0 0

Медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев июль айында өлкөгө чет мамлекеттен дарыгерлер келип, жергиликтүү медиктерге тажрыйбалары менен бөлүшөрүн айтты.

Сооронбаев: COVID-19дан кийин адам кайра калыбына келүүсүнө көңүл бурушу керек

Азыркы учурда коронавирустан айыккандарды реабилитациялоого жакшы көңүл бурулбай келет. Мындай көрүнүш биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзү боюнча байкалууда. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн коронавирустан дарылоо боюнча 5-протоколго бул багыттагы жасалчу иштер да камтылды.

"COVID-19 жаңы  вирус болгондуктан, андан айыккандан кийин кантип организмди кайра калыбына келтирүү керектигине азырынча жакшы көңүл бурулбай жатат. Бирок вирустан айыккандан кийин деле өпкөсү жабыркап дем алуусу кыйындаган, жүрөк оорусуна чалдыккан бейтаптар көп болууда. Андыктан реабилитациялык учур өтө маанилүү экенин түшүнүп турабыз. Бул багытта мамлекеттик деңгээлде ишти башташыбыз керек. Ушул жылдын июль айында Швейцария, Голландия, Улуу Британиядан медиктер келип, биздин дарыгерлерге өз тажрыйбалары менен бөлүшөт деп күтүп жатабыз", — деди Сооронбаев.

Профессор реабилитациялык учурду туура өткөрүүдө жарандардын да жоопкерчилиги маанилүү экендигин кошумчалады.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2754)

Тема боюнча

Вакциналар согушу, айласы түгөнгөн Европа. "Спутник V" дарысына кызыгуу күч
Белгилер:
ден соолук, реабилитациялоо, коронавирус, Талант Сооронбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ