Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аскералиева: кайра иштетүү аркылуу рынокто атаандаштык көрсөтө аларыбызга ишенем

© Sputnik / Асель АкматалиеваАгроном Бактыгүл Аскералиева
Агроном Бактыгүл Аскералиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Агроном Бактыгүл Аскералиева продукциялар кайра иштетилбегендиги жана бирдей стандартта болбогондугу үчүн Кыргызстан башка өлкөлөргө атаандаштык көрсөтө албай жатканын айтты.
Аскералиева: кайра иштетүү аркылуу рынокто атаандаштык көрсөтө аларыбызга ишенем
Дүйнөлүк рынокко ири көлөмдө сырьё сата албаганыбыз үчүн кайра иштетүүгө көңүл буруп, сапаттуу продукция чыгарып экспорттой алабыз. Мындай пикирин Бактыгүл Аскералиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, агрономия тармагынын потенциалы технология жана сапаттан көз каранды.
"Өлкөдөгү айыл чарбасынын потенциалы жогору болушу технология жана сапатка барып такалат. Өлкөдө продукциялар кайра иштетилбегендиги жана бирдей стандартта болбогондугу үчүн башка өлкөлөргө атаандаштык көрсөтө албай жатабыз. Кайра иштетилген продукция органикалык, экологиялык жактан таза болсо жогору баада сатуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Чет өлкөдө бизден көп көлөмдө сырьё сурашат. Бирок биз андай көлөмдү камсыздай албайбыз. Дагы бир маселе — бош жерлерибиз көп. Кайрак жерлерге суу чыгарып, айдоо иштерине туура пайдалануу керек", — деди Аскералиева.
Ошондой эле адис айыл чарбасында тоо этектерин, адырларды туура колдонуу менен потенциалдуу өсүмдүктөрдү айдоо керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0