Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мураталиев: кыргыз Ноорузда сүмөлөк эмес чоң көжө бышырган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев улуттук сый тамак болгон чоң көжө тууралуу айтып берди.
Кыргыздар Ноорузду Улуу күн деп атап, бул майрамда сүмөлөк эмес, чоң көжө кайнатышкан. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мураталиев: кыргыз Ноорузда сүмөлөк эмес чоң көжө бышырган
Анын айтымында, учурда чоң көжө бышыруу салты унутулуп баратат.
"Кыргыздар Нооруз майрамын Улуу күн дешкен. Бул күнү күн менен түн теңелип, күн узарып ак жеңди деген мааниде майрамдашкан. Бардык таарыныч, капачылыктар унутулуп, бири-бирин кечирип, жалпы журтка жакшылык тилешкен. Майрам шаңы болуп кышы менен сүрсүткөн эттерин кайнатып, шорпосуна акталган буудай салынган. Буудайды өзүнчө чыгарып алып, шорпого сүзмө кошуп ичишкен. Мына ушул чоң көжө деп аталат", — деди Мураталиев.
Ал сүмөлөк отурукташып калган башка чыгыш элдеринин улуттук тамагы болушу мүмкүндүгүн божомолдоду.
Жаңылыктар түрмөгү
0