Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраимов: балага зомбулук көрсөткөн адамдын иши тосмо арыз менен токтотулбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаЮрист Нурлан Ибраимов
Юрист Нурлан Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Юрист Нурлан Ибраимов үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбоорундагы коргоо ордери эмне экенин көпчүлүк билбей турганын айтты.
Ибраимов: балага зомбулук көрсөткөн адамдын иши тосмо арыз менен токтотулбайт
Статистика жана кайрылууларды карай турган болсок үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөдү. Өткөн жылдарга салыштырмалуу үйдөгү чырдын саны 50 пайыздан жогорураак. 2019-жылы милицияга мындай арыз электрондук түрдө каттала баштагандыктан сандар да так болуп жатат. Бул тууралуу Нурлан Ибраимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык аялдар катуу жаракат алмайынча эл эмне дейт деп чыдап жашай берет.
"2017-жылы чоң өзгөрүү болуп, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды. Ал жакта аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы мамиле, эгер эркек аялын сабап койсо аял кантип коргонсо болот, мамлекет кандай жардам бере алат, маселе кантип чечилери тууралуу жазылган. Ошондой эле мыйзамда коргоо ордери дагы бар. Аны колдонууну көбү түшүнбөйт. Алсак, ордерди үч күнгө алса болот, мөөнөтүн абалга жараша узартып алууга да мүмкүнчүлүк бар. Мында аял кол көтөргөн күйөөсүнө урушууга же жакындоого тыюу салат. Эгер мыйзамды бузса чара каралган. Такыр эле болбосо аял коргоо ордери, күбөлөр менен сотко кайрыла алат. Мында ал зомбулук көрсөткөн адамды бир айдан алты айга чейин үйүнөн чыгарып салууга укуктуу. Бирок жабырлануучу өзү кайрылышы керек. Ал эми кичинекей балдарга келсек алардын зомбулукка кабылганына күбө болгон ар бир адам кайрыла алат. Биз күбө болуп жаткандай, зомбулук көргөн аял күйөөсүнө арыз бергенден кийин көп учурда кайра аны чыгарып алышат. Себеби айып төлөшү керек болот же болбосо үй-бүлөсүн ошол адам каржылайт. Бул түйшүктөн улам аял күйөөсүн кайра эле кечирип коёт. Эгер жабырлануучу жаракат албаса, тынчтык келишими менен маселени чечсек болот. Ал эми зомбулук көрсөткөн адам резонанс жаратып, коомго жаман таасир этсе укук коргоо органдары ишти улантып, ал адамга жаза бере алат", — деди Ибраимов.
Юрист жаш балдарга зомбулук көрсөткөн адамдын иши такыр токтотулбай турганын, толук жаза берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0