Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдылдаев: аллергиктер эмнеге аллергиясы бар экенин так биле беришпейт

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Аллергология, иммунология боюнча профессордук курстун башчысы, медицина илимдеринин доктору Таалайбек Абдылдаев
Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Аллергология, иммунология боюнча профессордук курстун башчысы, медицина илимдеринин доктору Таалайбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Аллергология, иммунология боюнча профессордук курстун башчысы, медицина илимдеринин доктору Таалайбек Абдылдаев аллергиктер көбүнчө эмнеден кыйналарын билбей турганын айтты.
Аллергиясы бар адам дарыгердин каттоосуна алынып, оорунун жүрүшүн изилдеши керек. Ага жараша дарыланып, жашоо образын түзөт. Алсак, эрменге аллергиясы барлар чөп-чар гүлдөй электе эшиктин алдындагы чөптөрдү чаптырып салышы керек. Бул тууралуу Таалайбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдылдаев: аллергиктер эмнеге аллергиясы бар экенин так биле беришпейт
Анын айтымында, аллергияны дарылабаса башка да түрлөрү менен ооруп калуу коркунучу бар.
"Биздин өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүк экологиялык жактан таза. Ал эми сырттан алып келинген тоок, балыктардын курамында оор металл бар. Аны жегенден кийин ал зат организмден чыкпайт да, иммунитет туура эмес иштеп баштайт. Бул аллергияны шарттайт. Азыр көбү эмнеге аллергиясы бар экенин биле беришпейт. Мисалы, пенициллинге аллергиясы барлар ным жерге барса эле оорусу кармайт. Ал адам ачыткы кошулган нан азыктарын жебеши керек. Айрым адамдарда псевдоаллергиялык реакциялар болот. Андыктан үйдү чаңдан тазалап, күн жакшы тийгенде төшөктөрдү жайып, чаң, кенеден арылыш керек. Ошондой эле биз ит, мышыктарды багабыз. Чет мамлекетте алар үчүн өтө жакшы шарт түзүп, өзүнчө бөлмө берип, өз учурунда эмдетип, жуунтуп, тазалап турушат. Эгер антип бага албасаңыздар жаныбарды үйдүн ичинде кармабай эле койгон туура. Ошондой эле аллергиктер косметиканы да тандап колдонушу зарыл. Балдарга арналган самын же аллергиктер үчүн өндүрүлгөн товарды пайдаланган оң", — деди Абдылдаев.
Дарыгер аллергияга жол бербеш үчүн балдарды кичинесинен таза азык менен тамактандырып, пепси, кока-кола, түрдүү таттуулар, чипсылардан алыс кылууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0