Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айдаралиева: өлкөдө 929 соцкызматкер 10 миңге чукул адамга кам көрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлзада Айдаралиева
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлзада Айдаралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлзада Айдаралиева карылар үйүндө 396 улгайган жаран бар экенин белгиледи.
Өлкөдө социалдык кызматкерлер жетишсиз жана маянасы аз. Бул тууралуу Гүлзада Айдаралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Айдаралиева: өлкөдө 929 соцкызматкер 10 миңге чукул адамга кам көрөт
Анын айтымында, республика боюнча 929 гана социалдык кызматкер 9 924кө чукул адамга кам көрүүдө.
"Социалдык кызматкерлердин маянасы абдан аз. Бул көнүмүш жагдай катары кабыл алынып калды. Ошондуктан социалдык кам көрүүгө муктаждарга мамлекет, өкмөт эле жардам бериш керек дебестен, жалпы коомчулук дагы бул багытта иш алып баруусу зарыл. Маселен, чет өлкөлөрдө туура тамактанууну колго алып, улгайган жарандарга жөө басуусу үчүн тротуарлар салынып шарт түзүлгөн. Ошондуктан ал жакта орточо жаш курагы жогору. Ал эми бизде бул көрсөткүч эркектерде 72, аялдарда 75-80 жаш. Учурда өлкөдө алты социалдык стационардык мекеме бар. Аларда 396 улгайган жаранга камкордук көрүлүүдө. Мамлекет тарабынан алардын ар бирине күнүнө тамак-ашына 100, дары-дармегине 12,5 сомдон каралган", — деди Айдаралиева.
Ошондой эле ал карылар үйүндөгү улгайган жарандардын пенсиясынын камсыздандыруу жана топтоо бөлүгү өздөрүнө берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0