Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мурзаханов: Назарбаевдин мен тарткан портретин мурдагы бийлик өзүнө белек кылган

© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөтчү Садык Мурзаханов
Сүрөтчү Садык Мурзаханов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Сүрөтчү Садык Мурзаханов учурда май боек менен тартылган сүрөттөргө кызыккан кардарлар басымдуулук кыларын айтты.
Сүрөттөрдү акварель жана май боек менен тартам. Акварель менен иштөө кылдаттыкты талап кылат. Себеби тарткандан кийин май боек сыяктуу башка өң менен бастырып тартып, оңдоп кетүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Садык Мурзаханов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфирине маек куруп баяндап берди.
Мурзаханов: Назарбаевдин мен тарткан портретин мурдагы бийлик өзүнө белек кылган
Анын айтымында, сүрөт тартууга болгон шык туугандарынын баарында эле бар.
"Мен портрет, натюрморт үстүндө иштейм. Портрет жанры эң таатал болуп эсептелет. Мында дайыма көрүп жүргөн адамдарды же жанынан карап тартканда көбүрөөк окшоштурганга мүмкүнчүлүк бар. Айрым учурда буюртма менен тарткан портреттерди тартууда окшоштубу деп шек санап, ойлоносуң. Кээ бир портрет тез, оңой тартылса, айрымдары көпкө чейин бүтпөй кыйнайт. Негизи портретте адамдын ички дүйнөсү да чагылдырылат. Ошондуктан сүрөт адамдын мүнөзүнө жараша тартылабы деп да ойлоп калам. Көп учурда белгилүү адамдардын сүрөтүн тартам. Алсак, опера ырчысы Лучано Павароттинин портретин тартып жубайы Николетта Мантованиге белек кылган элек. Азыр Павароттинин үй-музейинде сүрөт жана комуз илинип турганы маалым. Нобель сыйлыгынан ээси, окумуштуу-биохимик Азиз Санжардын сүрөтүн да бул жакка келгенде тартууладык эле. Ошондой эле мен тарткан КЭРдин вице-премьери, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин портретин аларга мурдагы бийлик белек кылган. Мар Байжиев, Султан Раев, Миталип Мамытов, Керим Турапов, Дүйшөн Байдөбөтов жана башка кыргызстандык бир топ улуу кишилердин портретин тарттым. Бул мен үчүн жетишкендик, сыймыктанчу нерсе", — деди Мурзаханов.
Сүрөтчү тарткан сүрөттөрүнүн арасында көргүсү келбегендери болорун, ал эми студент кезинде тарткан чоң энесинин портрети чыгармаларынын ичинен өзгөчө орунду ээлей турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0