Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтомушева: "Учкун" ААКтын негизделгенине 95 жыл болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Учкун" ААКтын өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы Нурайым Токтомушева
Учкун ААКтын өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы Нурайым Токтомушева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
"Учкун" ААКтын өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы Нурайым Токтомушева мамлекеттик маанидеги бардык документ, кагаздарды басып чыгарууга аталган ишкананын мүмкүнчүлүгү бар экенин, болгону басмакананы модернизациялоо керектигин айтты.
Токтомушева: "Учкун" ААКтын негизделгенине 95 жыл болду
"Учкун" ачык акционердик коому 1926-жылы негизделген. Ушул эле жылы 7-ноябрда эң биринчи кыргыз гезити араб арибинде чыккан. Ал эми 1930-31-жылдары басма үйүнүн имараты курула баштаган. Бул тууралуу Нурайым Токтомушева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, басмакана мамлекеттик баалуу кагаздарды да басып чыгарат.
"Басмаканага жабдыктарды Алматы, Ташкенттен алып келишкен. Фрунзеде бул жаатта атайын адистерди даярдоо үчүн фабрика-заводдук окуу ачылган. 1967-жылы "Правда" гезитинин биринчи нускасы чыккан. 2019-жылы сатып алуулар мыйзамына мамлекеттик маанидеги документтер мамлекеттик ишканада басылсын деген өзгөртүү киргизилген. Бул боюнча президенттин алдындагы иш башкаруу типографиясы, "Гознак" ЖЧКсы, "Учкун" ААКсы арасында тендер жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен "Учкун" ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматынын туулгандыгы, никелешүү тууралуу жана башка күбөлүктөрдү басып чыгарат. Андан тышкары, аттестация, диплом, ошондой эле кадастрдын тендеринин негизинде мамлекеттик актылар, кызыл китептер басылууда. Азыр эми окуу китептери ар башка басмаканаларда жана чет өлкөдө басылып жатат. Чар жайыт кылбай мамлекеттик ишкананы борборлоштуруп каржыласа, сапаттуу китептерди чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Токтомушева.
Адис президенттик шайлоо жана референдум өткөрүлгөндө жети миллион бюллетенди мыйзамга ылайык 10 күндө басып чыгарышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0