Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт

© Sputnik / Асель АкматалиеваЭл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров. Архив
Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров Ысык-Көлдө өтө турган Run the Silk Road марафонунун акчалай байге фондуна 1 миллион 44 миң сом каралганын билдирди.
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун Run the Silk road IX эл аралык Ысык-Көл марафонунда 42 чакырым аралыкка чуркаган кыз-келиндер жана эркектер арасында 1-орунду алган жөө күлүктөргө 140 миң сомдон берилет. Марафон жарышында 1-орундан 6-орунга чейин көрсөткүчкө ээ болгон спортчулар акчалай сыйлыкка ээ болушат. Мындай маалыматты Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, жарым марафондук жарышта 1-орундан 3-орунга чейинки көрсөткүчтөргө ээ болгон атлеттер акчалай байге алышат.
"Негизи байге фондуна акчалай 1 миллион 44 миң сом каралган. 42 чакырымда кыздар жана эркектер арасында 1-орунду алгандарга 140 миң сомдон берилет. Ал 1-орундан 6-орунга чейин тапшырылат. 21 чакырымга да акчалай байгелер бар. Жарым марафондо 1-орундан 3-орунга чейин сыйлык тапшырылат. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар жана жаш курагы боюнча 4 категорияда жыйынтык көрсөткөн катышуучулар кур кол кайтышпайт. Эл аралык рейтинг боюнча марафондо чуркагандардын саны абдан аз болгонуна байланыштуу жаш курактарга карата бөлүүнү туура көрдүк," — деди Надыров.
Ошондой эле эл аралык ШКУ марафонунда мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга жана жаш курагына жараша ийгилик көрсөткөн катышуучуларга атайын сыйлыктар каралганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0